super.kg logo

Enactus-2019: FINCA Банк жаш ишкерлерди колдойт

 

Бишкек шаарында Enactus Kyrgyzstan-2019 улуттук мелдештери болуп өттү, анын алкагында жеңүүчүлөр – өлкөнүн жана жалпы коомдун өнүгүүсүнө салым кошууга умтулган жаш лидерлер аныкталды.

Мелдештерге студенттик командалар катышып, өздөрүнүн ишкердик сапаттарын жана кызыктуу долбоорлорду түзүү жөндөмдөрүн көрсөтүштү.

FINCA Банк да четте калбастан иш-чаранын башкы өнөктөшү болду, себеби ал банктын озуйпасынын негизиндеги бир нече көрсөткүчтөргө жооп берет. FINCA Банктын озуйпасы – адамдарга активдерди калыптандырууга, жумуш орундарын түзүүгө жана алардын жашоо деңгээлин жогорулатууга жардам берүүчү узак мөөнөттүү чечимдерди түзүү.

"Биздин өлкөдө канчалаган маанилүү жана кызыктуу долбоорлор ишке ашып жатканына биз таңдандык. Сиздердин долбоорлор – коом үчүн абдан пайдалуу, себеби алар Кыргызстанда бизнести өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот жана эң маанилүүсү – сиздердин долбоорлоруңуздардын аркасы менен калк үчүн жумуш орундары түзүлөт. Бүгүн мыктылардын мыктысы тандап алынат", - деп белгиледи FINCA Банк Башкармалыгынын төрагасынын орун басары Максат Бегалиев.

Мелдештердин жыйынтыгы боюнча Ала-Тоо Эл аралык университети жеңүүчү, ал эми Кыргыз-Россия славян университети вице-чемпион болду. Алдыңкы үчүнчү орунду Борбордук Азиядагы Америка университети алды. Жеңишке ээ болгон команда АКШда өтүүчү дүйнө кубогунда Кыргызстандын намысын коргойт.

Белгилей кетчү нерсе, FINCA 1995-жылы түзүлгөн күндөн тартып өлкөдө чакан жана орто бизнестин өнүгүүсүнө дайыма колдоо көрсөтүп келет жана биздин кардарлардын арасында дайыма социалдык изилдөөлөрдү жүргүзүп туруу менен таасирин көзөмөлдөп турат. Бүгүнкү күндө биз ишибиз менен сыймыктана алабыз, себеби биздин кардарларыбыздын бизнесиндеги жумушчу орундардын 30 пайыз FINCA Банк менен ийгиликтүү кызматташуунун натыйжасында түзүлгөн.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: