super.kg logo

Президент кыргыз элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

 

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысынын куттуктоосун Бишкек шаарынын эски аянтындагы Айт намазда бүгүн, 5-июнда президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев окуду.

"Сиздерди жан дүйнөнү аруулантууну, ынтымакты жана мээримдүүлүктү тартуулаган Орозо айт майрамыӊыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Орозо айында жакшы ниет, аруу тилектер айтылып, соопчулук иштер жасалды. Жан дүйнөбүз тазаланып, адал аракеттер арбын болуп, адамдар бири-бирине жакшылык тартуулады. Касиеттүү Орозо айт - дүйнөдөгү бардык мусулмандардын ыйык майрамы. Бул күн руханий тазалыкты жана аруу ниетти, мээримдүүлүктү жана соопчулукту даңазалайт. Кыргыз мамлекетинин аймагында түрдүү этностордун, маданияттардын, диндердин өкүлдөрү байырлашат. Биз, баарыбыз ынтымакта жанаша жашап келе жаткан, бири-бирибизге тирек болгон тагдырлаш, тилектеш бир эл, бир журтпуз. Жергебизге Жараткан кут кондуруп, ар бир үйдө бак-таалай, береке болсун. Жараткан ыйык Орозо айында ниет кылган жакшы тилектерибизди кабыл кылсын. Ар бир үй-бүлөгө, мекенибизге жакшылык, кубаныч, тынчтык, ынтымак, биримдик жана молчулук берсин. Орозо айтыңыздар маарек болсун", - деп айтылат президенттин куттуктоосунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
05.06.2019. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирге болсун президент!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: