super.kg logo

Аида Салянованын бүгүнкү күнгө жылдырылган соту качан башталары белгисиз

 

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча кайрадан каралып жаткан иштин негизинде кармалган мурдагы Башкы прокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасы бүгүн, 5-июнда Биринчи Май райондук сотунда саат 10:00дө каралмак.

Бирок азыркыга чейин Аида Салянованын баш коргоо чарасы качан, кайсы убакта каралары белгисиз. Ошондой эле Биринчи Май райондук соту жабык.

Ал эми соттун алдында Аида Салянованын апасы, Өмүрбек Текебаевдин аялы, туугандары, тарапташтары жана колдоочулары келген. Эл өкүлдөрүнөн Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асия Сасыкбаева, жарандык активисттер Адил Турдукулов, Мирбек Айтикеев бар.

Учурда сот качан башталары боюнча так маалымат жок.

Окуянын чоо-жайы:

16-майда Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев СИЗО-1ге киргизилген. Ага чейин Батукаевдин иши боюнча дарыгер Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова камакка алынган. Андан кийин дагы 3 дарыгердин бул иш боюнча баш коргоо чарасы каралып, тергөө абагына киргизилген. 21-майда мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атаханов да кармалып, 26-июнга чейин камакка алынган.

Мындан 6 жыл мурун Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен болчу. 2013-жылы Башкы прокурор Аида Салянова Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроолоруна жооп берип жатып, "айыккыс дартка кабылган адамдын" абактан бошотулушу мыйзамдуу деп айткан. "Биз бизде бар мыйзамдар менен иштедик. Эгер сиздер мыйзамдагы уурунун иши башкача, башка адамдардын иши өзүнчө каралышы керек десеңер ошондой мыйзам кабыл алгыла. Биз ошого карата иштейбиз", - деген ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
05.06.2019. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Түрмөдө аялдар төрөп, балдарын чоңойтуп эле жүрүшөтко, Аиданыда ошолорго кошуп койсоңор кызын чоңойто беретта, тим эле "Кичинекей бөбөгү болгонуна байланыштуу камалбайт" деп шылтоо издебей. Камалыш керек Аида срочно.
05.06.2019. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Wold,Туура айтасын дагы агасыбы же инисиби тоже камалыш керек Камила боюнча аны ошол убакта ушул Салянова жаап койгон мыйзам баарына бирдей иштеш керек,керек болсо турмодо ошончо балалуулар олтурат.
05.06.2019. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азыр Батукаевтин ишин атайлап жандантып, популярный кылып жиберишти. Болбосо азыр андан откон башка проблема коп. Бул жерде Соке кыйын иштеп жатат дегендей тур коргозуп жатышат. Болбосо Батукаевке окшогон ОПГлардын баарын азыр Чечня, Афганистан, Африкага кууп чыгыш керек.
05.06.2019. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сапар Исаковду жамандап, артына суу куюп жургондор эки үч депутат, Раим миллион боюнча унчукпай отурушат го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: