super.kg logo

Аида Салянованы апасы соттун алдында күтүп, өзүн жаман сезе баштаганда ооруканага алып кетишти

 

Кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча мурдагы баш прокурор Аида Салянова кармалган. Анын баш коргоо чарасы бүгүн, 5-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда аныкталмакчы. Азыр саат 15:00 чамасында апасынын кан басымы көтөрүлүп, ооруканага алып кетишти.

Буга чейин бүгүн саат 15:00дө Аида Салянованы аталган сотко алып келери айтылган.

Окуянын чоо-жайы:

16-майда Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев СИЗО-1ге киргизилген. Ага чейин Батукаевдин иши боюнча дарыгер Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова камакка алынган. Андан кийин дагы 3 дарыгердин бул иш боюнча баш коргоо чарасы каралып, тергөө абагына киргизилген. 21-майда мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атаханов да кармалып, 26-июнга чейин камакка алынган.

Мындан 6 жыл мурун Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен болчу. 2013-жылы Башкы прокурор Аида Салянова Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроолоруна жооп берип жатып, "айыккыс дартка кабылган адамдын" абактан бошотулушу мыйзамдуу деп айткан. "Биз бизде бар мыйзамдар менен иштедик. Эгер сиздер мыйзамдагы уурунун иши башкача, башка адамдардын иши өзүнчө каралышы керек десеңер ошондой мыйзам кабыл алгыла. Биз ошого карата иштейбиз", - деген ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
05.06.2019. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ашанын кашасы кашанын ашасы болду го.
05.06.2019. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атаңдын көрү десе, Аида айымды актап сүйлөйн десем, ал дагы далайын какшатып камады элего убагында,ошого эмне дееримди билбей турам.
05.06.2019. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
erkinali858585,жашоо бумеранг
05.06.2019. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анда сен да ошого карата соттолосун го.
05.06.2019. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эненин эле шору,байкуш энелер ай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: