super.kg logo

Бишкектеги Айт намазга 50 миңден ашык адам келди. Намазга тапанча алып кирүү аракеттери болду

 

Бишкектеги Айт намазга 50 миңден ашык адам келди. Бул тууралуу шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, коомдук тартипти 2 миңден ашык милиция кызматкерлери сактады.

"Бүгүн, 5-июнда Орозо айт намазын окуу үчүн эски аянтка 50 миңден ашык адам келди. Коомдук тартипти сактоого 2 миңден ашык милиция кызматкери тартылды.

Октябрь райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Айт намазга келген адамдарды текшерүү учурунда учтуу нерселерди жана травматикалык тапанчаларды алып кирүүгө аракет кылган адамдар кармалды. Алар Н.М. жана А.Д. аттуу жарандар экени аныкталып, андан ары териштирүү үчүн Биринчи Май аймактык ички иштер бөлүмүнө жеткирилди.

Айт намазы учурунда мындан сырткары тартип бузуулар катталган жок", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(5)
05.06.2019. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
50 мин адам болгон жок. Болжолдоп ура берген болбойт да. Айтынар менен.
zhaku2017 түзөттү 2019-06-05 13:20:28
05.06.2019. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
zhaku2017,андан коп да болду азайтып айтыптыр
05.06.2019. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
zhaku2017,оо тенирчилерда айт тособу айт маарек болсун момун мусульман бир туугандар
05.06.2019. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтынар менен
05.06.2019. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kanybek121195, провокация жаратпаңыз. Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: