Экс-депутат Бактыбек Калмаматов: "Батукаевдин иши боюнча Атамбаев да камала турган болсо, ал тынч жатпайт"
Экс-депутат Бактыбек Калмаматов теле тармагындагы берүүлөрдүн биринде интервью берип жатып, "Азаттык" иликтеген миллиондор тууралуу материалга өз пикирин билдирди. Анын айтымында, Матраимовдор маселесинин учугу экс-президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу деген пикирде.
"Азаттыктын" өлкөдөн миллиондогон акчалардын чыгарылып кетиши боюнча иликтеген материалына керектүү материалдарды алуусу оңойго турган иш. Менин жеке божомолумда, Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кайрадан ачылган иштин аягы Алмазбек Атамбаевдин камалышы менен бүтө турган болсо, анда Атамбаев жөн эле жата бербейт. Ал толгон токой интрига, провокацияларды уюштурат. Өлкө жоопкерчилигин алып келе жаткан бийлик өкүлдөрүнө айтаарым, алар өтө сергек болуулары керек. Азыр өлкөдөн 700 миллион доллар чыгарылып кетти деп, аны Матраимовдорго байлап, аябай талкуу кылып дүрбөп жатабыз. Эми өлкөдөн жылына 5-6 миллиард доллар сыртка чыгарылып турат. Анда адилеттүүлүк үчүн ошолор жөнүндө да сүйлөшпөйлүбү? Өлкөдө миллиондогон, миллиарддаган акчага байланыштуу коррупциялык схемалар, иштер көп эле болуп жатат. Бирок эл андай иштердин айрымдарын гана билип жатышат. Кайсыл учурларда? Тигил же бул лөк, саясаттагы фигуралар бири-бири менен касташып, жандалбастап күрөшүп жаткан учурда гана эл алар тууралуу кабардар болуп жатат", - дейт Калмаматов. Экс-депутаттын бул тууралуу кененирээк пикирин видеодон көрүңүз.
Б.Калмаматов: "Матраимовдор маселеси Атамбаевдин дагы бир жүзүн ачты"

