super.kg logo
  Саясат  

Белгилүү дарыгер Сабырбек Жумабеков Райымбек Матраимовду колдоп чыкты

 

Кыргыз Республикасынын ардактуу дарыгери профессор Сабырбек Жумабеков Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду колдоп чыкты. Тиешелүү видео учурда интернеттеги социалдык тармактарда тарап жатат.

Анын пикиринде, Райымбек Матраимовду жок жерден каралап жатышат. "15-20 жыл мурун анын апасына жана баласына операция жасагандан кийин үй-бүлөсү менен таанышып, достошуп калганбыз. Кийин алар мага операцияга муктаж адамдарды жөнөтүп башташкан. Матраимов 300гө жакын адамга операция жасоого акчалай жардам берген, бирок өзүнүн фамилиясын атабай эле коюуну суранган. Өлкөдө Райымбек Матраимовдон да бай адамдар көп, алар эч качан мындай жардам берген эмес", - деди Жумабеков.

"Бүгүнкү күндө Райымбек Матраимовдун жана үй-бүлөсүнүн үстүнөн кара булут каптап жатат. Болбогон жерден жакшы адамды каралаган иштер болуп жатат. Ошон үчүн жардам берип, бул нерсени айтып коюшум керек", - деп түшүндүрдү дарыгер.

Сабырбек Жумабековдун толук пикирин төмөнкү видеодон көрүңүз.






С.Жумабеков: "Райым Матраимовду жок жерден каралап жатышат"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: