super.kg logo

Ороктогу жаңжал: Милиция 25 жергиликтүү тургунду кармады

 

Чүй облусунун Орок айылында Айт намаздагы өспүрүмдөрдүн мушташынан улам жергиликтүү тургундардын ортосунда чыккан жаңжалдан 25 адам милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда SUPER.KG порталына Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, милиция тарабынан буга чейин 10 жергиликтүү тургун кармалган. Учурда айылдын тургундары аларды коё берүү талабы менен тарабай жатышат. Мындан сырткары катуу сабалган 2 өспүрүмдүн жакындары балдарды сабагандарга чара көрүүнү талап кылышууда.

"Орок айылында милиция кызматкерлери жаңжалга катыштыгы бар делген 25 жергиликтүү тургунду кармады. Учурда кармалгандар милиция бөлүмүндө. Алар менен милиция иш алып барууда. Ал эми эртең менен эки өспүрүмдү сабоого шектелген 2 жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп билдиришти милициядан.

Аталган айылга милициянын жетекчилиги менен атайын кызматтагы жоокерлер да тартылган. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү айылдын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(1)
05.06.2019. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бугун тынч эле турбапсынар да кап
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: