super.kg logo

Аида Салянованын кичинекей кызы сотто апасын издеп ыйлады

 

Бүгүн, 5-июнда Биринчи Май райондук соту мурдагы башкы прокурор Аида Салянованы 26-июнга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кайра каралып жаткан иштин негизинде кармалган.

Соттун чечими чыккан соң укук коргоо органдарынын кызматкерлери Аида Салянованы унаага отургузуп, камакка алып кетишти. Муну көргөн анын тарапташтары соттун чечимине нааразычылыгын билдиришти. Алардын арасында Салянованын 3 жашар кызы жүрдү. Ал апасын издеп, таппай ыйлап жиберди.

Окуянын чоо-жайы:

16-майда Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев СИЗО-1ге киргизилген. Ага чейин Батукаевдин иши боюнча дарыгер Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова камакка алынган. Андан кийин дагы 3 дарыгердин бул иш боюнча баш коргоо чарасы каралып, тергөө абагына киргизилген. 21-майда мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атаханов да кармалып, 26-июнга чейин камакка алынган.

Мындан 6 жыл мурун Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен болчу. 2013-жылы башкы прокурор Аида Салянова Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроолоруна жооп берип жатып, айыккыс дартка кабылган адамдын абактан бошотулушу мыйзамдуу деп айткан. "Биз, бизде бар мыйзамдар менен иштедик. Эгер сиздер мыйзамдагы уурунун иши башкача, башка адамдардын иши өзүнчө каралышы керек десеңер, ошондой мыйзам кабыл алгыла. Биз ошого карата иштейбиз", - деген ал.






Аида Салянованын кичинекей кызы сотто апасын издеп ыйлады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(17)
05.06.2019. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Кылмыш кыларда ойлонуш керек болчу
05.06.2019. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Ой ее. Эми баласы менен манипулировать этишпесе... баланы зачем кыйнап??? Таза болсо значит акталып чыгат да.. баланы как оружие колдонбой эле коющса...
05.06.2019. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Pchelka85,сынтакпа. Сенин башына эмне келет бир кудай билет.
05.06.2019. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
katerina.li, каяктан сынды коруп атасын. Просто кичикей балага боорум ооруп атат... стресс кылып.
05.06.2019. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Мүмкүн элдин ызы чуусунан коркуп ыйлагандыр баары эле чуру чуу түшүп жатса ыйлайт да коркуп
05.06.2019. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Адилеттуу болсо мындай балдары кыйналмак эмес,камаган кишилердин да балдары ыйлашкан.
05.06.2019. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
кызынды ойлосон ким буйрук бергенин айтышын керек
06.06.2019. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман болуптур
06.06.2019. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Батукаевди чыгарганы салымы чонда аидочканын
06.06.2019. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
апасы ооруп калды,кызы ыйлап атат,колуң менен кылганды,мойнуң менен тартасың жашоо бумеранг
06.06.2019. 06:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Койгула ай антип жаман ойлобогула баланын боздогонунан жаман нерсе жок Аллахым озу жардам берсин шермендечиликтен озу сактасын любой адамдын башына тушушу мумкун!
06.06.2019. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оо жараткан апасын,атасын издеген баланын ыйынан сакта. Урматтуу бийлик Салянова коркунуч келтирбейт да, чыгарып койгула да мыйзам чегинде куноосун тактагыла да. Аялзатына гуманиз, айколдук кылгыла.
06.06.2019. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Mars575,негизи үй камагына чыгарып койсо болмок. Бирок анда эч нерсе айтпай жүрө берет. Түрмөнүн сүрү башка. Ким буйрук бергенин айтсын. Акчаны алаарда баланы ойлонуш керек болчу
06.06.2019. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Батукаевди чыгарганда мыйзамдуу болду деген,мына азыр да мыйзам чегинде кетип атат.
06.06.2019. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайгылуу! Кичине наристени ушундай жаман иштерге аралаштырбай эле коюшпайбы? Бир баланын коз жашына эле мыйзам озгоруп калса бир жон. Акылсыз чон кишилер!
06.06.2019. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баланын апасын жоктоп ыйлаганы эле,эне учун ото чон азап,жаза.Эч бир баланы энеден ажыратпасын.
06.06.2019. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол кезде Салянова озун Королева сезип алган элего.Ар нерсенин чеги бар.Зеленскийдин сунушун туура деп ойлойм.Кобинетинерге Жеенбековдун портиретин илбей баланардын портиретин илгиле,чечим чыгарганда ошол портиретти карап чечим чыгаргыла деген созго кошулам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: