super.kg logo

Кыргыз өлкөсүндө музей ишин өнүктүрүү боюнча кеңешме өттү

 

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасында музей ишин өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасында музей ишин өнүктүрүү маселеси талкууланды. Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин, М.В.Фрунзе атындагы мамлекеттик мемориалдык үй музейинин ишмердиги тууралуу маалымат угулду.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, республиканын заманбап музейлери – маданий мурастын сактоочусу, илимий билим берүү борбору, маданий жана интеллектуалдык эс алуу жайы болуп саналат.

"Кыргыз мамлекетинин музейлери жарандарды руханий-адептик өнүктүрүүгө, тарыхый-маданий мурастарды жана жаратылыш байлыктарын аяр сактоого, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, өлкөнүн имиджин жана туристтик жагымдуулугун бекемдөөгө умтулушат. Музейлердин иши бир орунда турбашы керек. Заманбап музей ийкемдүү, мобилдүү болуп, илимий-техникалык өнүгүүнүн жаңы жетишкендиктерин камтып, илимдин, искусствонун, бизнестин жана маданияттын өнүгүп жаткан тармагы болуп, коомдун суроо-талабына жооп берүүгө тийиш", - деди ал.

Ошондой эле жолугушуунун катышуучулары заманбап музейлерди өнүктүрүү маселелерин талкуулашып, 2023-жылга чейин өлкө музей ишмердүүлүгүн өнүктүрүү концепциясынын долбоору менен таанышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: