super.kg logo

Орок айылына чогулгандар камакка алынган айылдык кеңештин депутатын коё берүүнү талап кылууда

 

Орок айылында аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү эл менен жолугушуу үчүн келишти.

Чогулган эл акыйкат чечим чыгарууну өтүнүп, кечээ эки өспүрүмдү ур-токмокко алган 2 жаранды айылдан көчүрүү талабын коюуда. Мындан сырткары алар бүгүн камакка алынган айылдык кеңештин депутаты Кылычбек Боркоевди алып келүүнү талап кылышты. Ал келмейинче эч кандай сүйлөшүүгө барбай турганын айтышты.

Чогулган элге келген тургундардын бири Кылычбек Боркоев жолдо келе жатканын айтты. Учурда чогулгандардын саны 80-90 адамга жакын.

Окуянын чоо-жайы:

5-июнь күнү болжол менен саат 08:30 чамасында Орок айылында жайгашкан мечиттен Айт намазы окулуп, андан чыгып бара жаткан 3 өспүрүм бала бири-бири менен уруша кетишкен. Уруштан 2 өспүрүм жабыркап, ооруканага жеткирилишкен. Мындан соң урушуп кеткен балдардын туугандары 2 тарап болуп нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул учурда 2 тараптан мыйзамга жат келген иш-аракеттер жасалып, 15 үйдүн терезелери талкаланып, чөп жыйылып турган 1 сарай өрттөлгөн. Башаламандык уюштурууга шектелип 30дай киши Сокулук РИИБине жеткирилген.






Орок айылында эл кайрадан чогулду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.06.2019. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы эл. Депутат жакшы бала. Элге колунан келген жардамын аябайт. Мага да жардам берген. Эми да берет деген ишеничтемин. Орок айылынын тургуну эмесмин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: