super.kg logo

Тышкы иштер министрлиги түрк элчисинин Орок айылына баруусу боюнча кеңешме өткөрөт

 

Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчисинин Орок айылына баруусу боюнча кеңешме өткөрөт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

"Бүгүн Женгиз Камил Фыраттын Сокулуктагы ызы-чуу чыккан айылга баруусун өз ара талкуулайбыз. Кеңешмеге элчи өзү да катышат. Жыйынтыгы боюнча кечке чейин маалымат таратабыз" деди Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Уланбек Дыйканбаев.

Окуянын чоо-жайы:

5-июнь күнү болжол менен саат 08:30 чамасында Орок айылында жайгашкан мечиттен Айт намазы окулуп, андан чыгып бара жаткан 3 өспүрүм бала бири-бири менен уруша кетишкен. Уруштан 2 өспүрүм жабыркап, ооруканага жеткирилишкен. Мындан соң урушуп кеткен балдардын туугандары 2 тарап болуп нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул учурда 2 тараптан мыйзамга жат келген иш-аракеттер жасалып, 15 үйдүн терезелери талкаланып, чөп жыйылып турган 1 сарай өрттөлгөн. Башаламандык уюштурууга шектелип 30дай киши Сокулук РИИБине жеткирилген.

Окуя болгон жерге түрк элчисинин баруусу социалдык тармактарда катуу талкууга алынып, анын Кыргыз өлкөсүнүн ички маселелерине аралашуусу сынга алынууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
06.06.2019. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Турктор тойгоздуго.Ооз ачарга барып тополон кылганы аз келгенсип темселеп Орокко чейин барыптыр.Бул жак Кыргызстан.Озунун туркиясына барып мурдун тыксын.Бироонун жерине келип алып уйротпой жоголсун
06.06.2019. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул элчи беле ооз ачарда характерин көрсөткөн ?
Адашып кетип башына тээп койсо болмок экен. Мейман маймандай болуш керек.
06.06.2019. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тойгоздуго бул элчи.Биздин ишке аралашбай ХХХХХ журбойбу
Модератор admin_portal түзөттү 2019-06-06 15:34:51
06.06.2019. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргызстандын ички ишине кийлигишпесин турк элчиси. Кандай кылып чечет Кыргызстан озу билет.
06.06.2019. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ахыбалың чаттак болдуго Фырат мырза ооз ачарда терор менен бирге отурбайм дедиң эле көрөбүзго кантип кутуласың
06.06.2019. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Турктор эмнени каалап жатат
06.06.2019. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бышырып койуппу ОЗУ мечит салдык деп милдет кылып бутуп эми буга да шиш мурдун тыгып атат .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: