super.kg logo

Өкмөт Кара-Кече жана 6 кенди сынакка коюуну пландап жатат

 

Бүгүн, 6-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тоо-кен тармагындагы кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов Сүлүктү, Кадамжай, Кара-Кече, Туюк-Каргаша, Тоголок, Ноокат, Жетим сыяктуу кендерди сынакка коюуну пландап жатканын айтты.

Өкмөт башчы кен иштетүүгө сынактардын шарттарын сапаттуу даярдоо зарылдыгын белгиледи. "Кен иштетүүгө сынактарды өткөрүүнүн шарттарын сапаттуу иштеп чыгуу иштерин баштагыла. Ошону менен бирге кен жайгашкан аймактын экономикасын өнүктүрүүнүн курамдык бөлүгү катары тармактык эмес өндүрүштөрдү түзүү боюнча талаптарды сынактын шарттарына киргизүү маселесин изилдеп чыгуу зарыл. Мындан тышкары Жер-Үй, Кичи-Чаарат жана Шамбесай өңдүү келечектүү кендерди ишке киргизүү маселесине олуттуу мамиле кылуу зарыл. Бул аймактарда ишти ийгиликтүү баштоо үчүн зарыл иш-чараларды аткаруу керек. Кен иштетүүгө рационалдуу жана системдүү мамиле кылуу бюджеттин жеңилдетилген насыялардан жана айрым өлкөлөрдүн гранттарынан көз карандылыгын азайтуу мүмкүнчүлүгүн берет", - деди Абылгазиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
06.06.2019. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кытайга бергиле кенибизди жерибизди ага кошуп элибизди жок кылат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: