super.kg logo
  Саясат  

Президент менен Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы каттоо-эсепке алуу системин модернизациялоо боюнча маселени талкуулашты

 

Президент Сооронбай Жээнбеков 6-июнда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн каттоо-эсепке алуу системиндеги азыркы кырдаал, аны өнүктүрүүнүн, оптимизациялоонун жана модернизациялоонун болочогу талкууланды. Мамлекет башчы "Түндүк" мекемелер аралык электрондук аракеттешүү системин киргизүү боюнча процессти тездетүү керектигин белгиледи.

"Маалыматтык ресурстардын заманбап санариптик технологияларды колдонуу менен тыгыз байланышына негизделген натыйжалуу каттоо-эсепке алуу системин куруу, аны туруктуу өнүктүрүү жана өркүндөтүү Мамлекеттик каттоо кызматы жакынкы болочоктогу негизги милдеттеринин бири болушу керек", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Мындан тышкары президент Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү саясатынын алкагында маалыматтык күркөлөрдүн тармагын өнүктүрүү аркылуу мамлекеттик кызматтардын облустардагы калк үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

Алмаз Мамбетов жаңы Калкты тейлөө борборлорун куруу боюнча пландары, маалыматтарды санарипке которуу жана жаңы үлгүдөгү мамлекеттик маанидеги документтерди киргизүү боюнча пландары тууралуу маалымат берди. "Жарандардын жүгүн жеңилдетүү үчүн мамлекеттик кызматтарды оптимизациялоо жүргүзүлөт. Ошондой эле өлкөнүн Калкты тейлөө борборлорунда мамлекеттик кызматтардын жаңы түрлөрү кошумча киргизилет", - дейт Мамбетов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: