super.kg logo
  Саясат  

Орусия Эдвард Сноуденге баш паанек берди

 
Орусиянын Федералдык миграция кызматы Сноуденге ушундай документ берди. Бул америкалык экс-агенттин Орусия аймагында 1 жыл эркин жүрүшүнө жол ачат

Бир айдан ашык убакыттан бери Орусиянын Шереметьево аэропортунун аймагында баш калкалап келген америкалык атайын кызматтын экс-кызматкери Эдвард Сноуденге Орусия убактылуу баш паанек берди. Орусиялык ММКлар жарыялагандай, Федералдык миграция кызматы тарабынан тиешелүү документке ээ болгон соң Сноуден 1-августта аэропорттун аймагынан чыгып кетти. Анын жактоочусу Анатолий Кучеренанын айтымында, Сноуден Шереметьеводон такси менен өзү жалгыз эле чыгып кетти жана учурда ал коопсуз жайда. "Коопсуздук маселеси ал үчүн абдан маанилүү, ал планетадагы артынан аңдуулары көп болгон бирден бир адам",- деди Кучерена. Эми америкалык экс-агент 1 жыл Орусиянын аймагында ээн эркин жүрө алат. Мейманканада же батирде жашай турганын, жан сакчы жалдаарын Сноуден өзү чечет. Ал эми Wikileaks сайты Сноуден Орусиядан саясий качкын статусун алганын билдирүүдө. Айта кетсек, Эдвард Сноуден АКШнын атайын кызматынын жашыруун аракеттерин, европалык өлкөлөргө тыңшоо уюштурулуп жатканын жарыялап, АКШ бийлиги "мамлекеттик менчикке кол салуу" жана "жашыруун маалыматтарды таратуу" беренеси боюнча ага кылмыш ишин козгогон. Сноуден 16-июлда убактылуу баш паанек сурап, Орусия бийлигине расмий түрдө кайрылган болчу. Ал эми АКШ бийлиги буга чейин "эгер кайсы өлкө Сноуденге "саясий качкын" статусун же баш паанек берсе, ал өлкөнүн АКШ менен болгон мамилеси кескин бузулат" деп билдирүү тараткан. Ал эми Орусияга карата Сноуден Орусиянын аймагынан чыгып кетпесе, АКШнын президенти Барак Обама сентябрда Петербургда өтүүчү G20 саммитине катышуудан баш тартып, Москвага болгон иш сапарын жокко чыгарышы мүмкүн экендигин орусиялык ММКлар АКШнын мамлекеттик департаментине шилтеме берүү аркылуу жарыялашкан болчу.

 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: