1991-жылдан бери Кыргыз өлкөсүндө жаңы төрөлгөн балдардын өлүмү 2 эсеге кыскарды



27 жыл ичинде Кыргыз өлкөсүндө жаңы төрөлгөн балдардын өлүмү 2 эсеге кыскарды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев балдарга кам көрүү боюнча өткөн тегерек столдо билдирди.
Анын айтымында, 1991-жылдан 2017-жылга чейинки аралыкта жаңы төрөлгөн ымыркайлардын өлүмүнүн саны 54 пайызга кыскарган.
"Статистика боюнча 1991-жылдары жаңы төрөлгөн 1000 ымыркайдын 24ү чарчап калса, 2017-жылга чейин бул көрсөткүч 10го чейин азайган. Мындай маалыматтар ЮНИСЕФтин колдоосу менен жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө белгилүү болду. Кыргыз өлкөсүнүн калкынын 61 пайызын аялдар жана балдар түзөт. Алардын ден соолугуна кам көрүп, өмүрүн коргоо үчүн болгон аракетибизди жумшашыбыз керек", - деди Каратаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
2:04
2025-07-23

1:34
2025-07-23

1:15
2025-07-23

0:33
2025-07-23

22:06
2025-07-22
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.