super.kg logo
  Спорт  

Валентина Шевченко: "Чемпиондук курду кантип коргоо керектигин билем"

 

9-июнда АКШнын Чикаго шаарында "UFC 238" мелдешинин алкагында Кыргыздан чыккан мушкер Валентина Шевченко алгачкы ирет чемпиондук курун коргойт. Шевченконун атаандашы бул ирет АКШлык Жессика Ай болмокчу.

Мелдештин алдында Валентина Шевченко чет элдик басылмаларга маек берип, алдыдагы беттеш тууралуу ойлору менен бөлүштү.

"Чемпиондук кур менин өмүрүмдөгү башкы максатым болчу. Ал эми курга ээ болгондон кийинки максатым аны мүмкүн болушунча узак убакытка сактап туруу. Мен учурда "бул ирет мага атаандаш болобу, рейтингимди дагы жогорулата аламбы?" деп ойлонбойм. Анткени мени менен бирдей салмак чениндеги мушкерлердин арасында чемпиондук курумду тартып алууну каалагандар көп. Ошондуктан мурункуга караганда 2-3 эсе көбүрөөк машыгышым керек. UFC`нин чемпиондук куруна ээ болгонго чейин 16 жолу дүйнө чемпиону болгом. Андыктан өз позициямды кантип коргоо керектигин билем.

Алдын ала кайсы беттеш кыйын, кайсынысы оңой болорун айтуу мүмкүн эмес. Ар дайымкыдай жогорку деңгээлде машыгуу жыйындарын өткөрдүм. Октагондун эшиктери жабылары менен менде көнгөн адаттарым, мүмкүнчүлүгүм гана калат. Беттеш учурунда ар дайым бирдей эмоция, басым болот. Андыктан болгон күчүмдү жумшап, машыгып, октагонго эң мыкты даярдык менен барышым керек", - деди Шевченко.

Жессика Ай карьерасында 20 беттеш өткөрүп, 14 жолу жеңишке жетип, 6 жолу жеңилип калган. Валентина Шевченко болсо өткөн жылдын декабрь айында Йоанна Енжейчик менен беттешип, жеңил салмактагы чемпиондук курга ээ болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
07.06.2019. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алга сары кыз.
Колуңдан келет куурду коргоп калуу, биз сага ишенебиз
07.06.2019. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик каалайбыз ар дайым чемпион болуп журо бер
07.06.2019. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Валя! Аллах колдосун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: