Жаза аткаруу кызматы: "Дөө Чыңгыз" деген каймана аты менен таанымал Чыңгыз Жумагулов тери оорусу менен ооруп жатат"




Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү “Дөө Чыңгыз” каймана аты менен белгилүү болгон Чыңгыз Жумагулов №47 түзөтүү колониясында дарыланып жатат. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Дөө Чыңгыздын бир нече адам менен өзгөчө жасалгаланган стол үстүндө отурган сүрөтү бир канча жыл мурун түзөтүү колониялардын биринде катардагы жаза мөөнөтүн өтөп жатканда тартылган.
"Учурда Чыңгыз Жумагулов №47 түзөтүү колониясында дарыланып жатат. Анын диагнозу: аллергиялык дерматит", - деп айтылат маалыматта.
Аллергиялык дерматит - аллергияны козгогон заттын таасиринен улам пайда болгон тери оорусу.
Чыңгыз Жумагулов Бишкектеги №2 төрөт үйүнүн алдына катуу сабалып ташталган эки адамдын өлүмүнө шектелип, 11-апрелде ИИМдин тергөө абагына отургузулган. 4-июнь күнү Биринчи Май райондук сотунда анын баш коргоо чарасы каралып, ал 10-августка чейин камакта калтырылган.





















1 |