Бишкекте Лексус-450нү тартып алуу аракети болдубу? Милиция комментарий берди
7-июнда саат 17:20 чамасында Бишкектин Калык Акиев-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар Лексус-450 унаасын тартып алуу аракетин жасаганы боюнча маалымат түшкөн. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн. Арыз жазган жарандын айтымында, үч белгисиз адам андан Лексусту кайдан алганын сурап, ачкычын алууга аракеттенишкен. Жаран качып автоломбардга кирип, милицияны чакырган. Суракка алынган адам аталган унаа боюнча УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жатканын айтып, унаа Октябрь райондук сотунда талаш буюм болуп жатканын билдирген.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Бишкекте унааны тартып алуу аракети болду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Ali-han

08.06.2019. 19:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ламбардтан машина албаш керек. Талаш боло берет
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.