Өлкөдө адамдын жүзүн таануу тутумун киргизүү күтүлүүдө




Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлигинин Санариптешкен командалык борборун даярдоону текшерип чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ИИМдин Командалык борбору жол кырсыктарын азайтуу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бардык күнү-түнү видеобайкоо тутумун интеграциялоого өбөлгө түзөт. Борбордо адамдын жүзүн таануу тутуму киргизилмекчи, ал бардык видеоагымды деталдуу талдап, алдыңкы технологияларды колдонуу аркылуу коомдук жана жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдеттерди так аткаруу үчүн бардык ички иштер органдарынын ишин бирдиктүү координациялайт.
Борбордо 102 – Кырдаалдык борбору иштеп, кызмат өтөө сапатына онлайн мониторинг жүргүзүп, жарандардын өтүнүчтөрүнө ыкчам жооп кайтарат.
Өкмөт башчы имараттын курулушун текшерип, оңдоо иштерин өз убагында жана сапаттуу аткаруу боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.
"Жаңы командалык борбор биздин милицияга коомдук жана жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өз милдеттерин кыйла сапаттуу аткарууну шарттайт. Иштин максималдуу ачыктыгы, калк менен сапаттуу кайра байланыш жана заманбап технологияларды натыйжалуу пайдалануу гана укук коргоочуларга жарандардын ишенимине ээ болуп, иштин натыйжасын көрсөтүүгө жол ачат. Командалык борбордун иши санариптештирүү саясаты өз жемишин берип жана жарандардын жашоосуна таасирин тийгизип жаткандыгынын көрсөткүчтөрүнүн бири болуп калат", – деди Абылгазиев.
Өкмөт башчы бул борбордун имаратын ишке берүүгө даярдоону, программалык-аппараттык жабдуулары иштеген коомдук жана жол коопсуздугун камсыздоо тутумун жөнгө салынган жана уюшкан интеграциялык камсыз кылуу аркылуу бардык зарыл техника менен жабдууну тапшырды.







1 |