Казакстандагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыкты. Токаев эң көп добуш алганы айтылды

9-июнда Казакстанда президенттик шайлоо болуп, добуш берүү жыйынтыкталды. "Коомдук пикир" институту Токаев 70,13 пайыз добуш топтогонун билдирди. Ал эми "Жаштар" илим-изилдөө борборунан Токаев 69,94 пайыз добуш менен алдыда келе жатканын маалымдады.
Президенттик шайлоо өтүп жаткан учурда Нур-Султан, Алматы жана Чымкент шаарларында жүздөгөн адамдар митингге чыгып, шайлоонун таза өтүшүн талап кылышты. Митинг болуп жаткан жерлерге полиция кызматкерлери барып, жүзгө чукул митингчини кармаган.
Президенттик орунга 7 талапкер ат салышты. Алар:
- Жамбыл Ахметбеков - Элдик коммунисттер партиясы;
- Дания Еспаева - "Ак жол" партиясы;
- Амиржан Косанов - "Улуттун тагдыры" улуттук-патриоттук кыймылы;
- Толеутай Рахимбеков - "Ауыл" партиясы;
- Амангелды Таспихов - Казакстан профсоюздар федерациясы;
- Касым-Жомарт Токаев - "Нур Отан" партиясы;
- Садыбек Тугел - "Улуу талаа кыраандары" коомдук бирикмеси.
Нурсултан Назарбаев мамлекетти дээрлик 30 жыл башкарган. Ал ушул жылдын 19-мартында отставкага кеткенин түз эфир аркылуу маалымдаган. Ошондой эле ал парламенттин төрагасы Касым-Жомарт Токаев убактылуу президенттин милдетин аткарарын кошумчалаган.









1 |