super.kg logo

Global Banking & Finance Review журналынын версиясы менен "Оптима Банк" эң мыкты мобилдик тиркеме-2019" сыйлыгына кайрадан татыктуу болду

 

Европанын ишкерлик боюнча беделдүү Global Banking & Finance Review журналы дүйнөлүк банктык рынокко жыл сайын изилдөө жүргүзүп келет. Бул жылы да изилдөө жүргүзүп жыйынтыгын чыгарды. Аталган журналдын версиясы боюнча "Кыргызстандагы эң мыкты мобилдик тиркеме - 2019" (Best Mobile Banking Application Kyrgyz Republic 2019) наамына татыктуу деп "Оптима Банктын" Optima24 тиркемеси таанылды.

Бул Оптима24'түн 2-сыйлыгы, өткөн жылдын жыйынтыгы менен да "Оптима Банк" эң мыкты интернет-банкинг сыйлыгын алган.

Global Banking & Finance Review жыл сайын дүйнөнүн ар түрдүү өлкөлөрүндөгү финансылык уюмдарга өздөрүнүн сыйлыктарын тапшырып турат. Банктын көп түрдүү кызматы, толук кандуу тейлөөсү, ыңгайлуулугу, ыкчамдыгы, технологиялык жактан өнүккөндүгү жана коопсуздугу, банктык операцияларды жүргүзгөндүгү жана кардарларды колдоо деңгээли, эксперттик калыстар тобу тарабынан аныкталат.

Optima24 мобилдик тиркемеси Android, Windows Phone жана IOS платформаларында мобилдик аппарат менен акча каражаттарын ыкчам жана коопсуз шартта каалагандай жумшоо үчүн түзүлгөн. Тиркеме колдонууга абдан ыңгайлуу, ал аркылуу онлайн режиминде сутканын 24 сааты бою, аптанын каалаган күнүндө вэб-интерфейс же мобилдик тиркеме аркылуу өз каражатыңызды каалагандай жумшай аласыз.

Учурда "Оптима Банк" санариптик коомду түзүүгө жана акча которуу бизнесин жаңы санариптик доорго жеткирүүгө багыт алды. "Бул азыркы учурда Банктын алдына койгон негизги максаттарынын бири" деди "Оптима Банк" Ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Бейбут Капышев.

"Биз накталай эмес төлөмдөрдү активдүү өнүктүрүүдөбүз жана калкка онлайн-эсептешүүгө өтүүгө мотивация берген түрдүү акцияларды өткөрүп жатабыз. Оптима24 - интернет-банкинги - кыргызстандыктар үчүн финансылык ретейл-кызматтарды санариптештирүүнүн негизги куралы", - деп өз сөзүндө баса белгиледи.

Оптима24 интернет-банкингинин жакында эле ишке киргизген мүмкүнчүлүктөрүнүн бири - "Акылдуу шаар" тутумунун алкагында жол эрежелерин бузуу боюнча салынган айып пулдарды төлөө. Оптима24'түн бул жаңы кызматы мобилдик телефондон же компьютерден 1 мүнөттүн ичинде эле айып пулду төлөп коюуга шарт түзөт.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.06.2019. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Оптима кардарлар учун бир топ татаал жана кымбат кызмат корсотот сыйлыкты сатып алган го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: