"Былтыркы жылы 2 миллиард 321 миллион сомдук каржы тартибин бузуу фактысы аныкталды" дейт Эсептөө палатасынын төрагасы



2018-жылы Эсептөө палатасы тарабынан 204 аудитордук иш-чара жүргүзүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов билдирди.
Анын айтымында, иш-чаранын жүрүшүндө аудит объектилеринин 2 425 түзүмдүк жана мекеме бөлүмдөрү камтылган. "Анын ичинен бюджеттик мекемелер - 1805, чарба жүргүзүүчү субъекттер - 384 жана башка уюмдар – 8, жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелер жана уюмдар - 216. Жогоруда белгиленген аудиттердин жүрүшүндө аныкталган каржы бузуулардын жалпы суммасы 2 миллиард 321 миллион 9 миң сомду түздү. Каржы бузуулардын жалпы суммасынан 1 миллиард 621 миллион 5 миң сом кайтарылууга тийиш. 1 миллиард 405 миллион 2 миң сом калыбына келтирилди. Калыбына келтирүү 87 пайызды түздү", - дейт ал.




