super.kg logo

Полицияга гүл сунган кыз, 500дөн ашуун адамды кармоо, жерде жаткан улгайган киши... Казакстанда Назарбаевсиз шайлоо кандай өттү?

 

Кечээ, 9-июнда Казакстанда алгачы жолу 78 жаштагы Нурсултан Назарбаев талапкер болбогон президенттик шайлоо өттү. Мамлекетти дээрлик 30 жыл башкарган Назарбаевдин мураскору Касым-Жомарт Токаев 7 талапкердин ичинен жеңүүчү болуп чыкканы таң калычтуу болгон жок. Бирок шайлоо, күтүлгөндөй эле массалык нааразычылык акциялар жана митингдер менен коштолду. Өлкөнүн Нур-Султан, Алматы жана Шымкент шаарларында жүздөгөн адамдар көчөгө чыгып, "Алга Казахстан", "Бостандык!", "Бойкот!" деп кыйкырып жатышты.

Полиция 500гө жакын адамды кармады. Алардын арасында журналисттер жана активисттер болду. Бийлик бул акцияларды мыйзамсыз деп "радикалдуу күчтөр коомдогу кырдаалды курчуткусу келип жатат" деген билдирүү жасады.

Ошондой эле ИИМ митингчилерди кармоонун жүрүшүндө адамдын каза болгонун четке кагышты. Буга чейин улгайган кишинин полиция кызматкеринен башка жеп, жерде жаткан видеосу интернетке тараган. "Полиция кызматкерлери ага "Тез жардам" кызматын чакырып, ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Анын каза болгону тууралуу маалымат жалган" дешкен ИИМден.

Мындан тышкары, шайлоо аймактарында урналарга көптөгөн бюллетендер салынып жаткан видеолор интернетке тарап жатат. Окуя Алматыдагы №186 мектепте орун алганы айтылууда. Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн айтымында, шайлоо ачык-айкын өтүп жатат жана эч кандай бузуулар катталган жок. Ал эми интернетте тарап жаткан видео башка жерде тартылганын айтып жатат комиссия.

Митингдер, адамдарды кармоолор, башаламандык менен коштолгон президенттик шайлоодо жүрөктү жылыткан окуя да болду. Митингдин жүрүшүндө кичинекей 2 жашар кыз полиция кызматкерине гүл сунган сүрөт социалдык тармактарда жайылып, жакшы да, терс да комментарийлерди чогултту. Интернет-колдонуучулар апасын кыздын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан жерге алып барганы үчүн сынга алышууда.

Бирок апасы кызы менен кантип митингде болуп калганын айтып берди. Ал анын үйү окуя болуп жаткан жерде жайгашканын түшүндүрүп, өзүнүн апасы жана кызы менен добуш берүүгө барып, курчоого алынган жерге кокустан барып калганын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
10.06.2019. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ehh kana baardyk adamdardyn konulu jaw baldardyn konulundoy taza bolso.
10.06.2019. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Туугандар Казахстандагы болуп жаткан митинге озубузду корсото бербейли Кыргыздардай эмес экенсинер тиги бу деп аларды чычалаттып Назарбаев жакшы адам негизи Казака эн жакын калк Кыргыз деп айткан жэри бар Атамбаевге тенелгени жок хандар кетет эл калат деп жооп берген Назарбаев Геосаясийди жакшы жугурткон инсан.Биз не болдук гулдоп кеттикби Бийликке кызыккан адамдардын курманы эле болуп калдык .Туура биз адилеттулукту суйгон адамбыз Казактарга болгон жакшы комментарийлерди жазайлы .
10.06.2019. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Agayu,туура айттын жана жаздын жеке мен колдоймл
10.06.2019. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Agayu,колдойм,туура айтасың
10.06.2019. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Agayu,Эн туура айтасын тентип жургон казак жок шугур кылыш керек а биздин олко Казакстандан коп жылга арта жашайбыз. Баардык олкодо тынчылык болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: