Бишкектин 3-кичи районунда орун алган массалык мушташ боюнча эч ким милицияга кайрылган эмес. Катышуучулар изделүүдө (видео)
Өткөн аптанын эс алуу күндөрү интернет булактарында Бишкек шаарында катталган массалык мушташтын видеолору тараган. Социалдык тармактын колдонуучулары видеонун бирөө Бишкектин 3-кичи районунда тартылганын билдиришүүдө.
Бул интернетте тараган видеодогу мушташ текшерүүгө алынып, аталган факт Октябрь РИИБинин кылмыштарды жана жоруктарды каттоо реестринде катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынганын шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.
"Мушташ борбор калаабыздын 3-кичи районунда көңүл ачуучу жерлердин биринин унаа токтотуучу жайында болгон. Милицияга эч ким кайрылган эмес. Учурда массалык мушташтын катышуучулары изделип жатат", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Этика нормаларын сактаңыз!