super.kg logo

Таластагы Жер-Үй алтын кениндеги жердин ордуна Кичи Суусамыр берилдиби? Өкмөттүн жообу

 

Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Нурбек Тотонов Кичи Суусамыр жайлоосу Талас районуна өткөрүлгөнү боюнча маселе көтөрдү. "Токтогул районуна караштуу Кичи Суусамыр жайлоосу Талас районуна өткөрүлүп берилиптир деген маалымат тароодо. Учурда талаш-тартыш болуп жатат, бул боюнча маалыматыңыздар барбы?" - деп сурады Тотонов.

Бул суроого өкмөттүн өкүлү: "Жайытты башка облуска өткөрүп берүү деген нерсе жок. Узакка пайдаланууга берүү болсо керек. Маалыматты тактап, жазуу түрүндө жооп берели", - деди.

Депутат бул маселе боюнча бир отурум болуп каралганын айтты. "Талас облусундагы "Жер-Үй" кениндеги жердин ордуна ушул жайыт жери берилди деп айтылып жатат. Кичи Суусамыр жайлоосунда мындан 5-6 жыл мурун жайлоого кете турган жол салынган. Баарын ырастап, тактап алгандан кийин ал жерди башка аймакка өткөрүп берүү туура эмес го”, - деп кошумчалады депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: