super.kg logo

Депутат: "Өлкөнүн ичинде жер которгондордун так эсеби белгисиз болуп калууда"

 

Өлкөнүн ичинде жер которгондордун так эсеби белгисиз болуп калууда. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Исхак Пирматов билдирди.

"Мисалы, улуттук статистика комитетинин билдирүүлөрүнө кайрылсак, 2018-жылдын 1-январына карата туруктуу жашаган калктын саны Бишкек шаарында 1 002 146 кишини түзгөн. Ал эми ушул эле эсепти Калкты жана жарандык абал актыларын каттоо департаменти "Даректик-маалымдамалык бюро" автоматташтырылган маалыматтык системин киргизгенден кийин 2015-2018-жылдары Бишкек шаарында катталган жарандардын саны 419 590 деп маалымдаган. Айырмачылык бир топ сезилет. Ошондуктан, так эсепти билүү аркылуу инфраструктураны да пландоого жакшы мүмкүнчүлүк жаралмак", - дейт Пирматов.

Депутат "Жарандарды каттоо эсебине алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору кабыл алынса, жарандардын факт жүзүндө жашап турган жери эми тиешелүү органдар тарабынан каттоого алынат. "Бул үчүн кызыкдар болгон жаран өзү эле электрондук түрдө маалымат базасына билдирүү калтырып, үй ээсинин уруксаты менен каттоодон өтүп койсо болот. Ал үчүн бир жерде жашаганына 45 күндөн кем болбогон убакыт эске алынат. Бул алардын социалдык кызматтарды пайдалануусуна жеңилдик берет", - деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: