super.kg logo

Нарында отставкадагы подполковник футбол оюнунан кийин каза болду

 

Нарын облусунда футбол оюнунан кийин милициянын отставкадагы подполковниги каза болду. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-июнь күнү саат 14:05 чамасында Нарын ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө медайым телефон чалган. Анда ал 51 жаштагы О.Т. аттуу кызматкер футбол ойноп жатып жыгылып кетип, облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшүп, каза болгондугун билдирген. Аталган дарекке ыкчам-тергөө тобу барган.

"Маркумдун туугандарынын айтуусунда кызматкер окуя болгон күнү эртең менен башы ооруп жаткандыгын айткан. Ага карабастан саат 13:00 чамасында топ ойноп жатып кокусунан жыгылган. Мындан тышкары маркумга сыртынан кароо жүргүзгөн учурда эч кандай күч колдонуу белгилери байкалган эмес. Маркум Нарын шаардык жана Нарын райондук Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин нөөмөт бөлүмүндө нөөмөткер болуп иштеп жаткан. Үй-бүлөлүү, 3 кыз 1 уулдун атасы. Ал 2016-жылы Нарын ОИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнөн ардактуу эс алууга чыккан милициянын подполковниги болгон", - деп билдирет басма сөз кызматкери.

Нарын шаарында 9-июнда ардагерлер катышкан футбол боюнча турнир болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: