Зарылбек Рысалиевдин абалы оор. Ага телефон колдонууга тыюу салынды

Ооруканада жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиевдин абалы оор. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу Клиникалык оорукананын башчысынын орун басары Александра Олексюк билдирди.
Анын айтымында, Рысалиев жандандыруу бөлүмүнөн чыга элек. "Ал түшүнүктүү, бирок жай сүйлөп жатат. Эртең биз консилиум чогултуп, мындан аркы дарылоо тактикасын аныктайбыз. Качан ооруканадан чыгары али белгисиз", - деди Олексюк.
Зарылбек Рысалиевдин телефону таң эртеден бери өчүк болууда. Дарыгерлер ага телефон колдонууга тыюу салышты. Ал 7-июнда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сурак берип жатып өзүн начар сезип, ооруканага жеткирилген. Ошол күнү кечинде Рысалиев "кан басымым көтөрүлүп кетиптир, азыр абалым жакшы эле" деген.
Азиз Батукаев түрмөдөн бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткен чуулуу окуя учурунда Рысалиев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы болчу.

жугуруп жургон эле чондорубуз суракка чакырганда гана оорулары башталганы! Ага чейин деле денсоолуктарын карап суракка даярданып турушпайбы дейм да! !
Бизде бийликте эмне жалан гелесоо оорулуулар иштейби?
Ар нерсенин чеги бар жооп беретурган убак келди