super.kg logo

Кара-Сууда 45 жаштагы киши өзүнүн сарайында асынып алды. Маркум буга чейин дагы асынганда кошуналары сактап калган

 

Ош облусунун Кара-Суу районунда 45 жаштагы эркек киши өзүнүн сарайында асынып алды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 9-июнь күнү саат 19:00 чамасында Кара-Суу районундагы Учар айылында болгон.

"Асынып алган маркумдун жансыз денесин алгач аялы менен кызы көрүп, милицияга кабар беришкен. Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу маркум сарайына кирип, мал байлаган жипке асынганын аныкташкан. Ал 45 жаштагы И.Т. аттуу жаран болгон. Анын денесине алгачкы кароо жүргүзүлгөндө эч кандай көк ала тактар байкалган эмес. Ошондой эле туугандары маркумду соттук-медициналык экспертизага берүүгө макул болушкан жок. Бүгүн 10-июнда сөөгү жерге берилди. Маркумдун эмне себептен асынып алганы боюнча туугандары суралат", - деди басма сөз кызматкери.

Каза болгон жаран буга чейин дагы спирт ичимдигин ичип алып асынган. Аны кошуналары көрүп калып сактап калышканын кошумчалады милициядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.06.2019. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Белая горячка болгонго. Мындай факты болгон. Тиги дуйнодогу адамдар менен суйлошуп калат . тооба кылдым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: