super.kg logo

Депутаттар аймактарды сапаттуу интернет менен камсыз кылган мыйзам долбоорун талкуулашты

 

Бүгүн, 10-июнда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “Жерди пайдалануу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Долбоордун демилгечилеринин бири депутат Жанар Акаев аталган мыйзам долбоору боюнча баяндама жасады.

"Мыйзам долбоору мобилдик байланыштар жана сапаттуу интернет менен камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Буга байланыштуу байланыш курулмаларын салуу үчүн жер тилкесин алууну жөнөкөйлөтүү тартиби менен учурдагы көйгөйлөрдү чечүү маселеси турат. Мурунку жыйындарда мыйзам долбоору талкууланганда демилгечилер жана тиешелүү тараптар менен бир катар тактоолор киргизилген. Ага ылайык, мыйзам долбоору менен жайыттар ижарага берилбейт деген принцип сакталды. Байланыш курулмалары өзгөчө корголуучу аймактарга курулбайт жана мыйзам долбоорунан жерди коомдук муктаждык үчүн алып коюу маселеси алып салынды", - деди Акаев.

Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутат Рада Туманбаева: "Байланыш курулмалары - базалык станциялар, антенна-мачталык курулмалар, антенна-фидердик түзүлүштөр жана башкалар үчүн долбоордо белгиленген 20 чарчы метр жер тилкеси жетиштүү болобу? Байланыш курулмалары орнотулган соң анын айланасы да тосулушу керек болот. Мыйзам долбоорунда бул курулмаларды орнотууга 20 чарчы метр жер керектелет деп айтылыптыр. Бирок 20 чарчы метр аянт аз болуп калбайбы? Балким, биротоло 25 чарчы метр деп көрсөтөбүз. Себеби кийин жер аянты тар болуп калса, бул маселе кайра көтөрүлөт", - деген суроо узатты.

Буга "Нур Телеком" компаниясынын өкүлү мыйзам долбоорунда белгиленген 20 чарчы метр жер тилке жетиштүү экенин баса белгиледи.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун 2-окууда жактыруу чечимин кабыл алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: