super.kg logo

Балыкчыда оодарылган батут кырсыгы. Жандандыруу бөлүмүндө жаткан 3 жашар кызга операция жасалды

 

Балыкчы шаарында шамалдын кесепетинен батут оодарылып кетип, 7 жана 3 жаштагы эже-сиңдилер ооруканага жаткан. 3 жашар кыздын абалы оор болгондуктан бүгүн, 10-июнда ага операция жасалды. Бул тууралуу Балыкчы шаардык аймактык ооруканасынын директорунун орун басары Айгүл Кыштообаева кабарлады.

"7 жаштагы кыздын абалы жакшы. Ал эми анын 3 жаштагы сиңдиси башынан гана эмес, ичегисинен дагы жаракат алган экен. Мындан улам ичегисине операция жасалды. Азыр жандандыруу бөлүмүндө жатат. 2-3 күн бул жакта дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Андан кийин Бишкектеги ооруканага жиберилиши күтүлүүдө", - дейт ал.

Окуя 9-июнда Соң-Көл кичи районунда болгон. Анда катуу шамалдан батут оодарылып, ооруканага 7-8 бала кайрылган. Жабыркагандардын арасында бир тууган эже-сиңдилер бар. 2012-жылы туулган А.Б. аттуу кыздын буту сынган. Ал эми анын 2016-жылы туулган А.Б. аттуу сиңдиси башынан катуу жаракат алып, жандандыруу бөлүмүндө жатат. Абалы оор болгондуктан Бишкектен санавиация менен балдар дарыгери чакыртылган.
Балыкчы шаардык мэриясы оодарылган батутту орноткон адамга аны алуу боюнча буга чейин эскертүү берилгенин маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.06.2019. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым шыпаасын берсин.Батырак айыгып кет,жожотай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: