Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде миңге жакын кызматкер коомдук коопсуздукту камсыздайт
13-14-июнда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммити учурунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт. Коопсуздукту миңге жакын кызматкер көзөмөлдөйт. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда иш-чара өтө турган мекемелердин жанында 12 эвакуатор иштейт. Алар уруксат берилбеген жерге токтотулган жана кароосуз калган унааларды эвакуациялап турат.
"Делегациялар өтө турган көчөлөр маал-маалы менен жабылат. Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларга каршы тилкеге чыгып жол тыгындарын жаратпоого, тоскоолдук кылбоого чакырат", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:05
2025-07-22

14:41
2025-07-22

12:08
2025-07-22

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.