super.kg logo

Вице-премьер эл аралык экономикалык Петербург форумуна катышты

 

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков эл аралык экономикалык Петербург форумуна катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, вице-премьер-министр форумдун ачылыш салтанатына жана Орусиянын президенти Владимир Путиндин катышуусундагы пленардык жыйынга катышты.

Форумдун алкагында Катар тараптын демилгеси менен Жеңиш Разаков Катардын тышкы иштер министри Мухаммед бен Абдулрахман бен Жассим Аль-Тани менен жолугушту.

Диалогдун жүрүшүндө тараптар Кыргыз-Катар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле эки жактуу өкмөттөр аралык комиссиянын иши боюнча маселелерди талкууга алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: