super.kg logo

Мектеп окуучуларынын өз өмүрүнө кол салуусунан кийин өкмөт бул маселеге көңүл бурду

 

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жайкы каникул учурунда балдардын коопсуздугун камсыздоо жана балдардын өз өмүрүнө кол салуусунун алдын алуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр баса белгилегендей, коомчулукту балдардын коопсуздук маселелерине тартуу, колдо болгон бардык аянттарды, анын ичинде социалдык тармактарды жана жалпыга маалымдоо каражаттарын колдонуу, алар аркылуу ата-энелер жана балдар үчүн коопсуздук чараларын эскертүүчү социалдык билим берүү роликтерин көрсөтүү зарыл.

Өмүрбекова өспүрүмдөр арасында суицид маселесине өзгөчө көңүл бурду, балдарды өз өмүрүнө кол салууга түрткөн негизги себептер ата-энелери жана туугандары менен урушуу, улуулар тарабынан көңүл буруу жана түшүнүүнүн жоктугу, бактысыз сүйүү болуп саналат.

Анын айтымында, буга байланыштуу "Тез байланыш – 111" ишин активдештирүү керек, балдар квалификациялык жана психологиялык жардам алыш үчүн кайда телефон чалууга болорун билиши кажет.

Балыкчы шаарындагы үйлөтүлгөн батут оодарылып кетип, натыйжада балдар жабыркаган сыяктуу кырсыктарга жол бербеш үчүн Экологиялык жана техникалык инспекциянын адистери бардык эс алуу жана оюн-зоок жайларын текшерүүгө тийиш.

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тартууну жана калк арасында ата-энелер менен балдарга коопсуздук чаралары жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады.

Кеңешменин жүрүшүндө балдарды активдүү эс алуунун бардык түрү менен болушунча камтуу шарттарын түзүү боюнча ар кыл пикирлер айтылды.

Мындан тышкары балдар эс алган жерлерде (суу объекттери, балдар аянтчалары) рейддик иш-чараларды өткөрүү, балдардын коопсуздугу боюнча калк арасында маалымдоо тууралуу медиа-план түзүү, белгилүү адамдарды тартуу, ыктыярчылар кыймылын түзүү, чогулуштардын катышуучуларына брошюраларды жана маалымат баракчаларын таратуу тууралуу айтылды.

Ата-энелерди жана балдарды эс алуу учурундагы коопсуздук чаралары тууралуу маалымдоонун натыйжалуу каражаттары катары смс-билдирүү, коммуналдык төлөмдөр үчүн эсеп-дүмүрчөктөрдүн жана чектердин арткы бетинде тийиштүү маалыматты чыгаруу аталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү билдиргендей, алар өрт коопсуздугу жана сууда өзүн алып жүрүү эрежелери тууралуу роликтерди даярдашкан жана бул материалдар республикалык жана аймактык телеканалдарга берилет.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жай мезгилинде балдардын коопсуздугу боюнча "Коопсуздук үчүн бирге" ыкчам иш-чаралар планын иштеп чыгууну тапшырып, биздин жалпы максатыбыз балдардын каникулун болушунча жагымдуу, коопсуз жана кызыктуу уюштуруу экендигин белгиледи.

Акыркы айдын ичинде Чүй облусунун Сокулук районундагы Арал жана Новопавловка айылдарында, Ош облусунун Кара-Суу районунун Сүрөттүү-Таш айылында 3 мектеп окуучусу асынып алган окуялар катталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: