super.kg logo

Кош, катаракта! Катарактаны алып таштоо жөнүндө эмнени билүү керек?

 
Жаш өткөн сайын адамдын көзүндөгү чечекейи тунара баштайт. Ал тунуктугун жоготкон сайын, адам айланадагы нерселердин баарын тумандагыдай даана эмес көрүп, бара-бара таптакыр көрбөй калат. Бул катаракта деп аталат.

Бул оору адатта 50-55 жашта башталат, ал эми 70 жаштын айланасында чечекей тунарып, көрүү жоголушу мүмкүн. Катарактага чалдыккан учурда көрүүнү операция жолу менен кайра калыбына келтирсе болот. Операция – ультраүндүк факоэульсификациялоо интраокулярдык аркылуу интроакулярдык линзаны (ИОЛ) имплантациялоо деп аталат. Мында: операция учурунда көздө өзү герметизациялануучу 2 миллиметр микрокесик жасалып, ал аркылуу тунарган чечекей ультраүндүн жардамы менен эмульсия абалына жеткенче кылдат майдаланылат да, өтө ичке түтүк аркылуу көздөн сордурулуп алынат. Чечекейдин ордуна анын жасалма жумшак аналогу – ийкемдүү, “түтүк” сыяктуу түрүлгөн ИОЛ киргизилет. ИОЛ форманы эсине сактап калууга жөндөмдүү: ал көздүн ичинде өз алдынча жайылып түздөлөт жана ишеничтүү бекемделет. Операция учурунда бейтап эч кандай ооруну сезбейт. Ооруну басаңдатуу абдан жеңил – көзгө дары тамчылатуу аркылуу ишке ашырылат. Мындан кийин көз 20 мүнөткө чейин эч нерсени сезбей калат, бейтап болсо эс-учун жоготпойт жана дарыгер менен сүйлөшүүгө мүмкүндүгү бар.

Катарактаны алып таштоо боюнча операция медицина чөйрөсүндөгү эң натыйжалуу операциялардын бири болуп саналат. Пациенттин көрүүсү ал операция столунда жатканда эле калыбына келе баштайт. Анын жакшы маанайда болуп, өзүн бактылуу сезгенин көргөн офтальмохирургдар өз ишинин натыйжасына кубанышат.

Бейтаптардын кубанычына жолтоо боло турган бир гана себеп – операциянын баасынын өтө жогорулугу. Бирок клиника абдан каалаган күндө дагы, операцияны арзандатууга эч мүмкүндүк жок. Анткени факоэмульсификациянын баасынын көпчүлүк бөлүгүн ИОЛдун наркы түзөт.

Заманбап интраокулярдык линзалар – жогорку технологиянын продуктусу! Акрилдин жумшак бөлүкчөсүнүн көздүн ичинде чыныгы хрусталиктин кызматын өмүр бою аткарышы үчүн кандай гана космостук технологиялар колдонуларын элестете аласызбы?! Хрусталиктин бардык касиеттерин жасалма материалдын бөлүкчөсүндө кайра жаратуу татаал гана эмес, фантастика менен чектелүүчү иш. Буга чейин алысты же жакынды гана көрүүнү калыбына келтирүүчү ИОЛдун түрлөрү бар болчу. Азыркы учурда универсалдуу, адамдын табигый көрүүсүнө максималдуу жакындатылган интраокулярдуу линзалар иштелип чыкты. Албетте, таанымал америкалык жана швейцариялык компаниялар тарабынан иштелип чыккан монофокалдуу ИОЛдордун баасы өтө жогору болуп жаткандан кийин, мультифокалдуу премиум-моделдердин канчалык кымбат болору түшүнүктүү... Факоэмульсификациялоонун наркын төмөндөтүүнүн бир гана жолу бар – арзан ИОЛду колдонуу. Бирок мындай учурда операциянын эч мааниси болбой калат! Өзүңүз ойлоп көрүңүз: сапаты төмөн ИОЛду коюш үчүн жогорку технологиялуу операцияны жасоонун эмне пайдасы бар?! Бул “жалган үнөмдөө” болуп калат, өз аброюн баалаган клиникалар мындай операцияны жасоого барышпайт. Чыгынып, биротоло жасалып жаткандан кийин бул операция – өтө жоопкерчиликтүү иш. Адамдын көздөрү канчалык баалуу!

Ошондуктан “Офтальмологиялык лазердик борбор” сыяктуу көрүнүктүү клиникаларда бренддик гана ИОЛдорду колдонушат. Бейтап буга өзү ынанса болот: ар бир ИОЛ иштеп чыгаруучунун паспорту менен коштолот, паспортто анын сериялык номери жана бардык көрсөткүтөрү жазылат.

Операциянын ийгилиги түздөн-түз хирургдун тажрыйбасы жана жабдуулардын деңгээли менен түздөн-түз байланыштуу болот. Тажрыйбалуу врач гана кымбат баалуу жогорку технологиялык жабдууну колдонгондо жогорку деңгээлдеги натыйжа келип чыгат. Мындан ары дүйнөлүк деңгээлдеги офтальмологиялык медициналык жардам алуу үчүн чет өлкөгө баруунун зарылдыгы жок: Кыргызстанда техникалык жабдылышы боюнча дүйнөдөгү алдыңкы клиникалардан калышпаган негизги клиника бар – бул “Офтальмологиялык лазердик борбор”. Андагы бардык операциялык жана диагностикалык жабдуулар - дүйнөлүк лидерден алынган жана “жапжаңы”, башкача айтканда, акыркы муундагы CENTURION (R) Vision System (Alcon, АКШ) ультраүндүү факоэмульсификаторлору, LuxORTM LX3 (АКШ), Oculyzer II жана VARIO (WaveLight AG Германия) диагностикалык лазерлери, ошондой эле Topo – LASIK-SBK (ContouraTM Vision) операциялык лазерлери. Мындай деңгээлдеги жабдуулар, атүгүл кыргызстандык медтуристтер жактырып баруучу Турциянын жана Индиянын бардык эле офтальмологиялык клиникаларында жолуга бербейт. Ошол эле убакта бул өлкөлөрдө дарылануу кымбатыраак турат.

Мындай жабдуулар Батыш Европанын жана АКШнын алдыңкы клиникаларында, ал эми биздин өлкөбүздө – бир гана “Офтальмологиялык лазердик борбордо” колдонулат. Офтальмохирургтардын профессионалдык деңгээли өтө жогору. Клиникада ысымдары дүйнөгө таанымал болгон дарыгерлер, медицина илимдеринин кандидаттары, катаракталык жана рефракциялык хирургдардын Европадагы Ассоциациясынын (ESCRS) мүчөлөрү Ким Владимир Ухенович жана Ремесников Игорь Александрович операцияларды жасашат.

Катарактаны алып таштоо операциясы боюнча муну билүү абдан маанилүү: мүмкүн болушунча эртерээк кайрылыңыз! Операцияны создуктурбаңыз! Мурда, факоэмульсификациялоо пайда боло электе, катарактаны алып таштоо үчүн анын “жетилишин” күтүү керек болчу. Классикалык операцияга ылайык көздүн жарымына чейин кесип, ал аркылуу тунарган чечекей толугу менен алынып чыгарылчу. Адамдар болсо, операцияга чейин ондогон жылдар бою катарактанын чел кабыгы көздөрүн каптаган абалда, туманда жүргөн сыяктуу жарым-жартылай көрүп, сокурлукка чейин жетишчү. Хирургга келгенде, катаракта күчөп, глаукомага айланып кеткен учурлар көп кездешчү. Ал эми улгайып калган куракта кандай гана операция болбосун, организм үчүн оор сыноо... Азыркы учурда дүйнөнүн бардык цивилизациялуу өлкөлөрүндө көрүүнүн курчтугу 30 пайыздан төмөндөгөндө, операция кылуу боюнча маселени көтөрүшөт. Балким, дүйнөдөгү туристтердин көпчүлүгүнүн пенсионерлер экендигинин себеби ушунда чыгар!

Катарактанын сизди көрүүдөн ажыратышына жол бербеңиз, операцияны создуктурбаңыз!

КӨЗҮҢҮЗДӨГҮ КАТАРАКТАНЫН ЧЕЛ КАБЫГЫНАН БАШ ТАРТЫҢЫЗ!

Дареги: Бишкек ш., Чынгыз Айтматов пр., (мурдагы Тынчтык проспекти) 299/1. Биздин байланыш: 0312 97 60 07, 0704 00 91 93, 0559 013 025, 0770 099 100

E-mail: info@olc.kg Сайт: www.olc.kg @olc_bishkek Fb @olc.kg

ОЛЦнын пациенттеринин пикирлерин www.olc.kg сайтынан жана YouTube OLC Bishkek каналынан караңыз. https://www.youtube.com/channel/UCTbQeT74huJL-7JY7_qQSiw


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
11.06.2019. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир эки жыл көрүп кайра хуже көрбөй калат экен көз менен жаттымго больницада кудай сактасын жанымда жаткан абышкалардын далайын көрдүм бир көзгө жасаткам эки жыл мурун же бир жыл мурун көрбөй калдым деп жатышат
14.06.2019. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aerforce,Бир эки жыл коруп кайра корбой калат деген таптакыр чындыка дал келбейт. Коздун операциядан кийин канчалык жакшы коруусу бир канча критериялардан коз каранды
1-бейтап коздун кандай оруусу менен ооруйт
2-жана канчалык отуштуруп(кечиктирип) жиберди
14.06.2019. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aerforce,
3- операцияны канчалык тажрыйбасы бар хирург жасады
4- кандай ыкма менен, кандай шартта жана кандай аппаратурада жасады. Эгерде жаны аппаратура менен жакшы шартта, жаны ыкма менен, тажрыйбалуу хирург жасаса коздун коруусу омурунуздун аягына чейин сизге кызмат кылат.
11.06.2019. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Реклама жон гана.
12.06.2019. 08:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер гарантия бересинерби
12.06.2019. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кант диабетинин 2-түрү менен оорцгандар тилекке каршы операция кыла алдырышпайт.
14.06.2019. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sajakat14,
Саламатсызбы. Кант диабетинин 2-туру менен ооругандардын да козуно операция жасаса болот. Операциянын жыйынтыгы кант диабети коздун сетчаткасын канчалык даражада жабыркатканына туздон-туз байланыштуу.
12.06.2019. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дордой офтальмикте операция жасаттым, конулумо толгон жок.Кымбат болсо жакшы болот дегенге ишенбегиле.
14.06.2019. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ruslanz,Саламатсызбы, биз сиздин терс жагдайга туш болгондугунуз учун окунучтобуз. Бир чети сиздин коз оорулары жана анын дарылоосу жонундо кызыкканыз бизди кубандырат, бирок сиздеги маалыматтар туура эмес. Бугунку кундо Офтальмология таптакыр башка денгээлге которулгон. Биз айтып жаткан маалыматтарды биздин клиникага келсениз акысыз айтып беребиз, кантип иштейт жана эмне учун жана башка. Козунузду корунуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: