12-июндан 15-июнга чейин "Манас" аэропортунан мамлекеттик резиденцияга чейинки борбордук көчөлөр убактылуу жабылат
13-июндан 15-июнга чейин Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым көчөлөрү убактылуу жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, коопсуздукту сактоо максатында жабыла турган жолдордун аталышы жана убактысы айтылбайт.
"Саммит учурунда 1000ден ашык инспектор жол кыймылын көзөмөлдөйт. "Манас" аэропортунан баштап резиденцияга чейинки жолдор саммиттин катышуучуларынын кортежи өтүп жаткан убакта жабылат. Мындай учурда "Коопсуз шаар" долбоорунун камералары эреже бузууну каттабайт.
Ошондой эле айдоочулардан унааларын жолдун четине калтырбашын суранабыз. Борбордук көчөлөрдө токтотулган унааларды эвакуаторлор айып аянтчасына жеткирет", - деп айтылат маалыматта.






1 |