super.kg logo
  Саясат  

Журналисттин ырайы жакпай калган Туйгунаалы Абдраимовдун ордуна жаңы жетекчи дайындалды (жаңы жетекчинин өмүр баяны)

 

Алтынбек НамазалиевКечээ, 10-июнда өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов кызматынан бошотулган. Буга чейин ал журналисттердин бирине "Ырайың жакпай калды" деп айтып, коомчулуктун жана журналисттердин сынына кабылган.

Бүгүн, 11-июнда аталган кызматка жаңы жетекчи дайындалгандыгы белгилүү болду. Ал Алтынбек Намазалиев, буга чейин Чүй облусундагы Аламүдүн районунун акими кызматын аткарып келген.

Чүй облустук администрациясынын аппарат жетекчисинин маалыматына ылайык, бүгүн Намазалиев биринчи-вице-премьер Кубатбек Бороновдун коштоосунда барып, жамаат менен тааныштырылган. Ал эми Аламүдүн районунун акими болуп Марс Саккараев дайындалды.

Намазалиев Алтынбек Абдисаламович - 1981-жылдын 17-май күнү туулган.

Бишкек шаардык прокуратурасында өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү болуп иштеген.

2014-жылдан тартып Чүй облусунун Чүй районунун прокурорунун орун басары;

Ошол эле жылдын сентябрь айында Жайыл райондук прокурорунун орун басары;

2016-жылдын ноябрь айынан баштап Жайыл районунун прокурорунун милдетин аткаруучусу болгон.

2016-жылдын декабрында Жайыл районунун прокурорунун милдетин аткаруучу кызматынан бошотулган.

Ал ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаеванын буйругу менен кызматынан бошотулган. Жергиликтүү маалымат булактары жазгандай, анын кызматтан алынышына Жайыл РИИБине Кара-Балта шаарындагы "Азия-2" базарынын соодагерлери жамааттык арыз менен кайрылып, РИИБдин текшерүүсүнө прокурорлук көзөмөлдүн жок болушу себеп болгон. Муну менен шайлоочулардын конституциялык укугу бузулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 9 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: