super.kg logo

Жогорку Кеңеште электрондук петиция ыкмасын киргизүү сунушталууда

 

Бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Аида Касымалиева электрондук петиция ыкмасын киргизүү боюнча маселени сунуштап жатат.

Маалыматка ылайык, петиция Кыргыз Республикасынын 5 миңден кем эмес жарандын Жогорку Кеңешке чогуу кайрылуусу болуп эсептелет. Аида Касымалиева билдиргендей, Кыргыз өлкөсүнүн 18 жашка чыккан жарандары петиция укугуна ээ болушат. "Кагаз же электрондук түрдөгү петицияга 5 миңден кем эмес жаран кол койсо, ал Жогорку Кеңештин комитетинин милдеттүү кароосуна коюлат. Ал эми 10 миңден кем эмес жаран кол койсо, ал Жогорку Кеңеште милдеттүү түрдө каралышы керек", - дейт Касымалиева.

Депутат Иса Өмүркулов петиция боюнча таратылган колдонмолор ким тарабынан каржыланып жатканын сурады. Касымалиева демилге аныкы экенин айтты. "Колдонмону, коомдук угууларды өткөргөнгө парламент менен иштешкен Парламентаризмди өнүктүрүү долбоору менен иштешип жатабыз. "Ачык өкмөт" программасы боюнча дагы сунуштарды алып келебиз", - дейт Касымалиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: