Депутат Кыргыз өлкөсүнө электрондук петиция ыкмасын киргизүү эрте экенин айтты

Депутат Умбеталы Кыдыралиев Кыргыз өлкөсүнө электрондук петиция ыкмасын киргизүү эрте экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
"Механизмдер кандай иштей турганын такташ керек. Бүгүнкү күнгө петиция ыкмасын киргизүү эрте болот" деди Кыдыралиев.
Депутат Канат Исаев парламент 5 миңден кем эмес жарандын колу жок эле, коомдо талкуу жаралган маселелерге реакция кылып жатканын айтты.
Депутат Аида Касымалиева айтылган сунуштарды эске ала турганын айтты. "Сунуштар эске алынат. Бул маселени күн тартиптен алып салууну сунуштайм" деди Касымалиева.
Жыйынтыгында бул маселе күн тартиптен алынды.
Электрондук петиция ыкмасы ишке кирсе кагаз же электрондук түрдөгү петицияга 5 миңден кем эмес жаран кол койсо, ал Жогорку Кеңештин комитетинин милдеттүү кароосуна коюлат. Ал эми 10 миңден кем эмес жаран кол койсо, ал Жогорку Кеңеште милдеттүү түрдө каралышы керек.



