super.kg logo

Казакстандагы митинг учурунда Аалы Туткучев менен айтышканы кызуу талкууга алынган төкмө акын Ринат Заитов кармалды

 

Казакстандагы президенттик шайлоодон кийинки башаламан учурунда төкмө акын Ринат Заитов кармалды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, ал Алматы шаарында мыйзамсыз уюштурулган митингге катышкандыгы үчүн кармалган. Аталган окуя боюнча Казакстан жазуучулар союзунун мүчөсү Еркинбек Серикбай SUPER.KG`ге төмөндөгүлөрдү билдирди.

"Кечээ кечки саат 4-5тер чамасында полиция кызматкерлери Ринат Заитовду кармап кетишиптир. Бул кабарды угуп Алматыдагы жазуучулар союзунун өкүлдөрү баш болгон 100гө жакын адам аны бошотууну талап кылып, полициянын имаратына бардык. 4-5 сааттан кийин Заитов коё берилди. Ал шайлоодогу мыйзам бузууларды ачык айтып, сындаганы үчүн кармалганы ачык эле көрүнүп турат".

Казакстандагы президенттик шайлоо 9-июнда өтүп, Касым-Жомарт Токаев жеңип чыкты. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл көчөгө чыгып, башаламан учурунда 500дөн ашуун адам кармалганы айтылды.

Белгилей кетсек, 2011-жылы Астана шаарында өткөн эл аралык айтышта кыргыз акыны Аалы Туткучев менен Ринат Заитовдун айтышы интернетте кызуу талкууга алынган. Аталган айтышта Заитов Аалы Туткучевге караганда аз упай алып калганы үчүн айтыштан кетерин жарыялап, бирок көп өтпөй сахнага кайтып келген.






Казак төкмө акыны Ринат Заитов кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
11.06.2019. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Заитов дегени провкатор экен да. Аз упай алганы учун кетем деп коркутканга жараша, кайрылып келбейле койбойбу.
11.06.2019. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ошол айтышта Аалы агабыз Кыргызды каптаган сур булут Казакты коздой баратат деп айткан. Мына ошол создун чындыгын таамайлыгын.Аалы агабыз баамдап айткан экенда корсо.
11.06.2019. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
voennyi88,Туура айтасыз,Ринат дегени да орунсуз нерселерди айта берген, бирок Аалы агабыз жон эле оозун жаап койгон
11.06.2019. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ринатты учурда казактардын копчулугу жактырбай калышты.
11.06.2019. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Шайлоосу ото жаман отуптур,дагы эле Нурсултан атанын таасири бар да.Бизге качан мыкты лидер келээр экен.Биз да онугот элек Казакстандай болуп.Аалы таамай айткан экен,касиети бар акын тура.Касиети болбосо тогуп ырдабайт эле.
11.06.2019. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул ринат деген убагында Димаш Кудайбенди хабар теле канаоы уюштурган ыр сынактан откозбой койгон. Чынырып ыр ырдоо бул онор эмес деп мазак кылган эле. Оо азыр Димаш Казакстанды эмес дуйнону багынтып атат. Мына ринаттын онорду,талантты тушунбогонун ушундан билиниз. Казактар азыр оздору жаман коруп калышты. Аалы менен айтышында чычалап эмоциясын жашыра албай калган. Аалы комуз менен домбраны ХХХХХХ)))
Модератор admin_media түзөттү 2019-06-12 10:31:58
11.06.2019. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кудайбергенди
11.06.2019. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргызды баскан сур булут калкылдап, казакты көздөй баратат...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: