Парламент комитетинде өкмөттүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчётун угуу кийинкиге жылдырылды
Бүгүн, 11-июнда парламент комитетинде өкмөттүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчёту каралмак. Баяндаманы биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жасамак.
Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев билдиргендей, финансы министри Бактыгүл Жээнбаева Эсептөө палатасынын чечими жок болгондуктан бул маселени кароону кийинкиге жылдырууну сунуштаган. Депутаттар отчётту кийинки жыйында карамай болушту.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

