Жогорку Кеңештин комитетинде өлкөдөгү 31 калктуу конушту айыл категориясына которуу боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

Бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин комитетинде “Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош жана Талас облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиев билдиргендей, жалпысынан 31 калктуу конушту айыл категориясына которуу сунушталып жатат. "Жергиликтүү кеңештер, мамлекеттик администрациялар, өкмөттүн Баткен, Нарын, Ош жана Талас облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынган. Калктуу конуштарга айыл макамын ыйгаруу маселеси өкмөткө караштуу административдик-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар боюнча мекемелер аралык комиссиясынын отурумунда каралган", - дейт Бахтияр Салиев.
Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору комитет тарабынан жактырылды.




