41 миллион 870 миң долларга Каракол жана Балыкчы шаарларында суу түтүктөрү жаӊыртылат
Каракол шаарындагы суу түтүктөрдүн 65 пайызы, ал эми Балыкчы шаарында 45 пайызы жаӊыртылат. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде Таза суу менен камсыз кылуу жана саркынды суулардан арылуу департаментинин башчысы Аскарбек Токтошев билдирди."Азия өнүктүрүү банкы бул багытта 41 миллион 870 миң доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр. Каражаттын 12 миллион 84 миң доллары грант, калганы жеӊилдетилген насыя болуп саналат. Насыя 32 жылга берилүүдө, анын ичинде 8 жыл жеӊилдетилген мөөнөт болуп саналат. Бул долбоордун алкагында Каракол шаарындагы суу түтүктөрдүн 65 пайызы, Балыкчыда 45 пайызы жаӊыртылат", - деди Токтошев.
Баяндамачынын айтымында, келишим ратификациялангандан кийин долбоор даярдалып, аны ишке ашыруу боюнча тендер жарыяланат. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 5 жыл.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:10
2025-12-20
9:50
2025-12-20
Рейтинг:
-1
-1
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















