super.kg logo

Токмокто 41 жаштагы жаран 15 жаштагы кызды зордуктоого шектелүүдө. Өспүрүм 26 апталык кош бойлуу

 

Токмок шаарынын 41 жаштагы тургуну 15 жашар кызды зордуктаган деп шектелип кармалды. Учурда кыз кош бойлуу. Мындай маалыматты Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

"4-июнь күнү Бишкектин Октябрь РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан телефон чалуу түшкөн. Анда 2004-жылы туулган А.Ж. аттуу кыз кош бойлуулук боюнча кайрылганы айтылат. Маалымат Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп, иликтөө иштери башталган.

Бул фактыга шектелип Токмок шаарынын 41 жаштагы К.М. аттуу тургуну кармалган. 9-июнь күнү бул жаран Токмок шаардык сотунун чечими менен өлкөдөн чыгып кетпөө милдеттенмесинин негизинде үй камагына чыгарылган. Ушул эле күнү 41 жаштагы жаран тарабынан зордукталды делген өспүрүм өз өмүрүнө кол салуу максатында уксус кислотасын ичип алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Алдын ала иликтенген иштердин натыйжасына таянсак, кыздын айтымында, аны 2018-жылы Токмокто жайгашкан батирлердин биринде К.М. аттуу жаран зордуктаган", - деп жазылат маалыматта.

Жергиликтүү басылмалардын бирине жабырлануучу кыздын апасы кайрылып "милиция кызматкерлери кызымды жүрүм-туруму начар кыз деп маалымат таратып жатат" деген пикирин билдирген. Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бул маалыматты четке какты. Милиция кызматынын берген маалыматына караганда, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми шектүүнү үй камагына чыгаруу соттун чечими менен болгон деп билдирет басма сөз кызматы.

Белгилүү болгондой, кыз учурда 26 апталык кош бойлуу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.06.2019. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акмак! Жаш кыздын тагдырына балта чаапсын ,зоокур кор болуп талаада калгын. Кыздын журум туруму начар болсо намыстанбайт болчу ,уксус ичпейт болчу
12.06.2019. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
15жаштагы өспүрүмдү зордуктаган "буканын" жүрүм туруму кандай экен анан? Жер эне кантип көтөрүп жүрөт ушундай малдарды! Уялбай дагы тиги кызды ушактап коёт! Мындайларды химиялык жол менен кастрация кылган мыйзамды киргизбесе болбой калды Кыргызстанга! Үй камагына эле чыгарып коюшат. Прокурор милицияларга акча төлөсөң киши өлтүргүчтү деле чыгарып берет. Ушул зөөкүрдү дагы 9 ай көтөрүп энеси адам болот деген үмүт менен төрөгөн да. Бети жок жп., мал!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: