Балыкчыдагы батут кырсыгы: Жандандыруу бөлүмүндө жаткан 3 жашар кыз Бишкектеги ооруканага которулду
Балыкчы шаарындагы батут кырсыгынан башынан жаракат алып, ичегисине доо кеткен 3 жаштагы кыз Бишкектеги ооруканага которулду. Бул тууралуу Балыкчы шаардык аймактык ооруканасынан Айгүл Кыштообаева SUPER.KG`ге билдирди.
"Батут кырсыгынан башынан жаракат алып, ичегилерине доо кеткен 3 жаштагы А.Б. Бишкектеги "Эне жана баланы коргоо" борборуна которулду. Кыз менчик "Тез жардам" унаасы менен дарыгердин коштоосунда жиберилди", - дейт ал.
Окуя 9-июнда Соң-Көл кичи районунда болгон. Анда катуу шамалдан батут оодарылып, ооруканага 7-8 бала кайрылган. Жабыркагандардын арасында бир тууган эже-сиңдилер болгон. 2012-жылы туулган А.Б. аттуу кыздын буту сынган. Ал эми анын 2016-жылы туулган А.Б. аттуу сиңдиси башынан катуу жаракат алган. 10-июнда 3 жаштагы кыздын ичегилерине доо кеткени аныкталып, ага операция жасалды.
Балыкчы шаардык мэриясы оодарылган батутту орноткон адамга аны алуу боюнча буга чейин эскертүү берилгенин маалымдаган.




