Парламентте 5 калктуу конушка айыл макамын ыйгаруу үчүн 70 миӊ сом талап кылынары айтылды
Кечээ, 11-июнда парламент комитетинде "Жалал-Абад облусунун айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды.
Маалыматка ылайык, расмий түрдө айыл болуп эсептелбеген калктуу конуштардын саны жүз элүүдөн ашык. "Тосту калктуу конушундагы 499 кожолукта 1763 киши, Туюк-Жар калктуу конушундагы 383 кожолукта 1511 киши, Өлөң-Булак калктуу конушундагы 291 кожолукта 1404 киши, Кара-Башат калктуу конушундагы 488 кожолукта 1837 киши, Чарбак калктуу конушундагы 276 кожолукта 859 киши. Административдик-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар боюнча мекемелер аралык комиссиясы аларга айыл макамын берүү сунушун берген. Ал үчүн 70 миӊ сом талап кылынат, бул каражат демөөрчүлөрдүн эсебинен каржыланууга тийиш. Мындан тышкары жаңы түзүлгөн 5 айылдын айыл башчыларын кармоого жергиликтүү бюджеттен жылына 420 миӊ сом жумшалат", - деп жазылат маалыматта.




