super.kg logo

Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча көчмө жыйын өттү

 

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитин өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жеңиш Разаков "Манас" эл аралык аэропорту, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы сыяктуу бир катар объекттерди, ошондой эле мейманкана комплекстерин жана инфратүзүмдүк объекттерди даярдоонун жүрүшүн текшерди.

"Биздин алдыбызда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитин өткөрүү учурунда коомдук тартипти, чет элдик меймандардын жана республика жарандарынын коопсуздугун сактоо боюнча маанилүү, жооптуу иштер турат. Саммитте коопсуздук эң жогорку деңгээлде болушу керек", - деди ал.

Вице-премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдарга коомдук коопсуздукту, жол жана өрт коопсуздугун камсыздоону тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: