super.kg logo

Англияда медицина кызматкери 17 ымыркайды өлтүрүүгө шектелүүдө

 

Англияда ымыркайлар бөлүмүндө иштеген медицина кызматкери 17 наристени өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 29 жаштагы Люси Летби аттуу кызматкер Честер шаарындагы оорукананын ымыркайлар бөлүмүндө акыркы 8 жылдан бери иштеп келген. Бул окуя резонанстуу болгондуктан учурда бул окуянын чоо-жайы жашырылууда. Ал 10-июнь күнү полиция кызматкерлери тарабынан камакка алынган.

"Летби 2018-жылы 8 ымыркайды өлтүрүүгө шектелип кармалган. Кийин ал белгисиз себептерден улам коё берилген. Ал эми жумушунан башка кызматка которулган. Арадан көп өтпөй медицина кызматкери бир нече ымыркайларды өлтүрүү аракеттерин кылганы аныкталган. 10-июнь күнү Люси камакка алынып, ал 17 ымыркайды өлтүрүп, 16 ымыркайдын ден соолугуна залал тийгизгени аныкталган. 2015-2016-жыл аралыктарында аталган ооруканада ымыркайлардын чарчап калган учурлары көп катталган.

Белгилүү болгондой, ымыркайларды өлтүрүп жүргөн кызматкер бул ооруканага 2011-жылы жумушка орношкон. Төбө чачты тик тургузган окуя тууралуу уккан Люсинин жакын достору ал дайыма жумшак жана ар дайым жардамга келүүгө даяр болчу деп сыпатташкан. Анын жакын досу "мен ишене албай турам, ал бала кезинен эле жоош кыз болгон" деп билдирген", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: