super.kg logo
  Спорт  

Александр Крестинин: "Палестина менен болгон оюнда мүмкүнчүлүктөрүбүздү толук пайдалана алган жокпуз"

 

Палестина менен болгон оюнда мүмкүнчүлүктөрүбүздү толук пайдалана алган жокпуз. Мындай пикирин футбол боюнча Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, тең чыгууга карабай оюн абдан кызыктуу болду.

"Оюндан кийинки эмоциябыз аябай деле жакшы эмес. Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбашыбыз керек эле. 2:0гө утуп келе жатып тең чыгууга жол берип койдук. Өзүбүз түзгөн голдук абалдарды толук пайдалана алган жокпуз. Бирок жалпылап айтканда оюн кызыктуу болду.

Бүгүнкү оюндун тактикасын атаандашка карап, ага жараша түзүүнүн кереги жок болчу. Анткени жолдоштук беттеште эксперименттерди жүргүзүп, команданын мүмкүнчүлүктөрүн сыноо керек. Экинчи таймда оюндун тизгинин атаандашка берип койдук деп айта албайм. Биз беттешти алгачкы таймдагыдай эле улантып жаттык. Бирок көбүрөөк катачылыктарга жол берип койдук. 2:0 эсебин сактап калууга мүмкүн болчу, болгону толугу менен коргонууга ыктап эмес.

Бул оюн бир гана жаштар үчүн эмес, бардык футболчулар үчүн даярдык болду. Курама команда көптөн бери ойной элек болчу, ошондуктан кайсы оюнчу кандай физикалык абалда экенин көрүшүбүз керек. "Ак шумкардын" катарында ойноого эч кимге кепилдик берилбейт. Бизде ким көбүрөөк оюнга даяр болсо ошол гана ойнойт", - деди Крестинин.

Кыргыз өлкөсү менен Палестинанын жолдоштук беттеши кечээ, 11-июнда Бишкек шаарында өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
12.06.2019. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Урматтуу Крестинин алдын Палестинаны женип журсок эми оз уйубуздода уталбадык саатыныз келип калган окшойт ойлонуп корунчу озгоруш жок болтат
12.06.2019. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мумкунчулукту колдоно аласынарбы?
13.06.2019. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кийинки беттеш кайсы мамлекет менен болоор экен?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: